• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарга жана бийликке кайрылып, билдирүү жасады

8 Баш оона 20194:36 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 08.08.2019. Govori.TV

«Урматтуу кыргызстандыктар, мен силерге кайгы менен кайрылып жатам. Мына бүгүн бийлик мыйзамсыз түрө, Конституцияны бузуп, мени колго түшүрүш үчүн, Атамбаевдин оозун жабыш үчүн бүгүн кирип келип өз элин атты. Биринчи желим октор менен, андан кийин аскерий октор менен атышты», — деди мурунку президент.

Атамбаев өз сөзүндө элди коркутуу үчүн бийлик атайын спецназды жөнөткөнүн белгиледи.

«Биринчиден, бул абдан уят, кайгылуу нерсе. Экс-президент Атамбаев террорист эмес, анын тегерегинде чогулган эл да террорист эмес. Бир тобу адаттагыдай жети жарымда мени менен жолугайын деп келген болчу. Бир топ күнөөсүз жарандарыбыз жаракат алды. Мен акыркы айдын ичинде бир канча жолу айттым, Батукаевдин иши боюнча кагаз түрүндө бардык суроолорго жооп берейин»- дедим.

Количество просмотров: 20