Бишкек.18.06.2019.Govori.TV.
Бүгүн мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча түзүлгөн атайын депутаттык комиссия бүгүн ишин улантты. Анда депутат Каныбек Иманалиев отурумга каалагандын баары катыша алат деди.
Айтымында, эгерде Алмазбек Атамбаев же анын ишенимдүү кишилери катышууну кааласа, алар үчүн эшик ачык.
Бирок, депутаттар Турсунбек Акунга Атамбаев учурундагы жемкорлук тууралуу айтайын деген кебин тыйып коюшту. Эл өкүлдөрү Турсунбек Акундун өзү Азиз Батукаевдин иши боюнча айыпталып жакан соң, анын сөз сүйлөшү объективдүү болбой калат дешти.
Бүгүн саат 12де комиссия чечим чыгарат. Талкуу жабык эшик артында өтөт.