• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Алмазбек Атамбаевдин соту жылды

3 Бирдин айы 202117:22 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-февралда Биринчи май райондук сотунда мурунку президент Алмазбек Атамбаев жана башка айыпталуучулардын ишине байланышкан сот отуруму 17-февралга жылдырылды.

Отурумда бир өндүрүштөгү 3 кылмыш иши каралды, алардын баарында А.Атамбаев фигурант. Бул иштер Кой-Таштан мыйзамсыз жер тилкесин алуу, мыйзамсыз баюу жана 7-8-августтагы Кой-Таш окуясына байланыштуу.

Отурумдун башында күзөтчүлөр А.Атамбаевдин катын жеткиришти. Ал ден соолугунун абалына байланыштуу отурумга катышпай турганын билдирген. Катта тиркелген №47 абактагы медициналык кызматкерлердин маалым катында чурку (грыжа) жана бронхит тууралуу айтылган.

Количество просмотров: 110