• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Жогорку соттун алдына митингге чыкты

16 Жетинин айы 2020 15:22 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 16-ноябрда Жогорку Соттун имаратынын алдына мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары чогулуп, митингге чыкты. Алардын арасында депутат Ирина Карамушкина, жубайы Раиса Атамбаева жана башка тарапташтары да бар.

Чогулгандар кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотуу боюнча сот жыйыны кайтадан жылдырылганына нааразычылык билдиришүүдө.

«Конкреттүү жооп алабыз, себеби бүгүн болобу же болбойбу деген көп суроолор бар. Соттун тиешелүү өкүлдөрүнөн чыгып бизге сот канчасында болорун айтып коюшсун», — деди Атамбаевдин тарапташтарынын бири Рита Борбукеева үн күчөткүч менен сүйлөп жатып.

Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошевдин айтымында, бүгүн саат 14:00дө Жогорку сот Атамбаевдин Батукаев боюнча ишин карамак.

«Соттук отурум 2 судьянын ооруп калгандыгына байланыштуу 30-ноябрь саат 15:00гө жылдырылды»,-деди Жоошев.

Быйыл 23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов Атамбаевди «Батукаевдин иши» боюнча өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл эки айга кескен. Жактоочулар жана мамлекетке чегерилиши каралган мүлктүн ээлери соттун бул чечимине нааразы болуп Жогорку сотко кайрылышкан.

Количество просмотров: 30