• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бейшеналиев сотко жеткирилди

30 Аяк оона 2022 19:12 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 30-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда пара алууга шектелип кармалган Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин баш коргоо чарасы каралууда.

Учурда Бейшеналиев сотко жеткирилди. Ал эми сот имаратынын алдына министрдин тарапташтары чогулду.

Ал эми Алмазбек Бейшеналиев өзүнө коюлган айыптарды мойнуна албай турганын айтты.

Кошумчалай кетсек, Бейшеналиев чет өлкөлүк студенттерди ата мекендик жогорку окуу жайларына киргизүү үчүн 110 миң доллар пара алуу фактысы менен кармалганын милиция 28-сентябрда кабарлаган. Ал эки суткага Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалган.

Количество просмотров: 167