• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Пара алууга шектелген Бейшеналиев үй камагына чыкты

18 Тогуздун айы 2022 18:31 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевге карата 110 000 АКШ доллары өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш иши тергелүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 2022-жылдын 27-сентябрында Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан Индия Республикасынын жарандарынын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргогон П.Ф. аттуу жаран Индиянын жараны болгон студенттерди башка өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына которуу боюнча оң чечим чыгаруу үчүн Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев опузалап акча талап кылып жаткандыгы жөнүндө арыз менен кайрылган.

«Аталган факты боюнча 2022-жылдын 29-сентябрында Бишкек шаарынын аймагында атайын иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Алмазбек Бейшеналиев пара алып жаткан жеринен кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Андан соң, анын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, тергөө амалдарынын жүрүшүндө ал ыктыярдуу түрдө 37 500 АКШ долларын берген. Тергөөнүн жүрүшүндө А.Бейшеналиев 62 миң 500 АКШ доллары өлчөмүндө пара түрүндө алынган акчанын калган бөлүгүн өз ыктыяры менен кайтарып берди. Ал эми, Бейшеналиев тергөөнүн жүрүшүндө келтирилген зыяндын ордун толук толтурганын, анын өнөкөт ооруларга чалдыкканын, туруктуу жашаган жери, жашы жете элек 4 баласы бар экенин, тергөөгө тоскоолдук кылбай тургандыгы эске алынып, анын баш коргоо чарасын камакка алуу түрүнөн үй камагына өзгөртүлдү»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда кылмыш иши боюнча процессуалдык чечим кабыл алуу максатында ар тараптан толук жана объективдүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 1310