Алмазбек Бейшеналиев билим берүү жана илим министри болуп бекиди
Алмазбек Бейшеналиев билим берүү жана илим министри болуп бекиди
17 Бирдин айы 2022 17:23 Бишкек Govori.TV
Алмазбек Бейшеналиев билим берүү жана илим министри болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттик администрациянын маалымат кызматы кабарлады.
Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Алмазбек Бейшеналиев мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, билим берүү жана илим министри болуп дайындалды.
Эске салсак, 16-февраль күнү Жогорку Кеңешт Билим берүү жана илим министри кызматына Алмазбек Бейшеналиевдин талапкерлигин жактырган.
Алмазбек Бейшеналиев 1981-жылы 2-июнда Нарын облусундагы Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында төрөлгөн.
Билими:
09.1998 – 07.2001 — Нарын мамлекеттик университетинин филология факультетинен англис тили жана адабияты боюнча билим алган;
09.2001 – 04.2003 — Германия, Штутгарт, Ökumenisches Центрум, немец тили боюнча курста окуган;
04.2004 – 04.2007 — Германия, Людвигсбург, PH-Ludwigsburg педагогикалык университетинде магистрлик даража ыйгарылган (Дидактика жана англис тили);
09.2009 – 09.2011 — Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде аспирантураны аяктаган. Педагогика илиминин кандидаты даражасы ыйгарылган;
11.2012 – 03.2017 — Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, докторантурада окуган.
Эмгек жолу:
11.2007 – 05.2010 — Жаш ишкерлер ассоциациясынын (ЖИА) президенти, башкармалыктын төрагасы.
09.2008 – 06.2010 — Эл аралык Ала-Тоо университети, эл аралык мамилелер факультетинде окутуучу;
03.2012 – 01.2013 — Варшавадагы (Польша) Вистула университетинде (Vistula University in Warsaw, Poland) проректор, чет тилдер институтунун директору;
02.2013 – 06.2013 — Түндүк Айова университети (University of Northern Iowa) (Сидер Фоллс, Айова, АКШ) илимий изилдөө боюнча чакыртылган профессор;
06.2013 – 06.2014 — Жонс Хопкинс университетинде (Johns Hopkins University) (Балтимор, Мериленд, АКШ) докторантура жогорку кызматы;
06.2014 – 06.2017 — Эл аралык Ала-Тоо университетинде илим жана сырткы байланыш боюнча проректор;
11.2016 – 09.2017 — Жонс Хопкинс университетинде (Johns Hopkins University), (SAIS) (Вашингтон, АКШ) илимий изилдөө жана окутуу боюнча чакыртылган профессор;
11.2017 – 10.2018-жылга чейин өкмөт аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы;
10.2018 — Борбордук Азия регионалдык институтунун директору;
14.10.2020-2021-жылдын апрель айына чейин билим берүү жана илим министри;
2.06.2021 — Кыргызстандын Женева шаарындагы БУУдагы жана башка эл аралык уюмдардагы өкүлү;