Кыйноолорго каршы улуттук борбордун кызматкерлери 29-сентябрда Бишкектин Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында отургандар, анын ичинде билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевден кабар алышты. Бул тууралуу аталган борбордон кабарлашты.
Маалыматка ылайык, алардан кыйноо же ырайымсыз мамиле тууралуу арыз-даттануу түшкөн эмес .
«Бейшеналиев астмасы бар болгондуктан тийиштүү дарыларын алып кирүүгө уруксат беришкен»,-деп айтылат маалыматта.
Кошумчалай кетсек, Алмаз Бейшеналиев 28-сентябрда кармалып, 48 саатка камакка алынган. Анын бөгөт чарасы сотто бүгүн каралат.