• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

ИИМ министр Алмазбек Бейшеналиевдин кармалгандагы видеосун жарыялады

29 Аяк оона 2022 9:09 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министрлиги билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин кармалгандагы видеосун жарыялады.

Белгилей кетсек, министр пара алуу фактысы боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында кармалган.

«Чет өлкөлүк студенттерди ата мекендик жогорку окуу жайларына кабыл алууда өзгөчө ири өлчөмдө (110 миң АКШ доллары) пара алуу фактысы иликтенүүдө», — деп айтылат маалыматта.

ИИМдин басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, кылмыш ишин иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча бардык толук маалыматтар берилет.

Количество просмотров: 4086