• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Алтын-кен иштетүүдө мамлекетке 113 млн. сомдон ашык зыян келтирилген факты аныкталды

16 Жетинин айы 2020 17:43 Бишкек Govori.TV

Алтын-кен иштетүүдө мамлекетке 113 млн. сомдон ашык зыян келтирилген факты КЖБРге катталды.

Маалыматка ылайык, 2014-жылдын 22-январында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геологиялык жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан Жалал-Абад областынын аймагында алтын кенин иштетүү үчүн компаниялардын бирине 700,03 га жер тилкесине лицензия берилген.

«Бирок, 2016-жылдын март айында мамлекеттик органдардын кызмат адамдары артыкчылык алуу максатында өз кызмат абалдарын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланышып, лицензияда көрсөтүлгөн жер тилкесинен ашыкча 199 га берип жиберишкен.

Натыйжада мамлекетке 113 739 682 сом зыян келтирилген», — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты 2020-жылдын 12-ноябрында Жалал-Абад областтык прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 320-бер. 3-бөл. (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Ошондой эле, мамлекетке келтирилген зыянды өндүүрү жөнүндө сотко доо арыз келтирилип, учурда соттук кароо алдында турат.

Количество просмотров: 56