Пандемияга байланыштуу козголгон кылмыш иштеринин алкагында мудагы вице-премьер-министр Аида Исмаилованын да жоопкерчилиги каралат. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеев журналисттерге билдирди.
Маалыматка караганда, козголгон кылмыш ишинин алкагында мурдагы эки Өкмөт башчы — Мухаммедкалый Абылгазиев, Кубатбек Боронов, мурдагы вице-премьер-министрлер Алтынай Өмүрбекова жана Аида Исмаилова, мурдагы Саламаттык сактоо министрлери Космосбек Чолпонбаев жана Абдикарим Сабиржанов, ошондой эле мурдагы Финансы министри Бактыгүл Жеенбаеванын жоопкерчилиги каралат.
Эске салсак, 2020-жылдын 15-сентябрында мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев шалаакылык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча кармалган. Үстүбүздөгү жылдын 12-январда мурдагы өкмөт башчы Кубатбек Боронов Финполго сурак берип чыккан.