• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Алтынбек Сулайманов: Лунаранын пенсия жөнүндө жазганы туура эмес

4 Тогуздун айы 2018 14:01 Бишкек Govori.TV
Бишкек.04.10.2018.Govori.TV.
Депутат Алтынбек Сулайманов Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Лунара Мамытованын «пенсионерлер үнөмдөп чогултуп, жер кыдырса болот»,-деп жазганына өзүнүн пикирин билдирди.
“Эми мен анын жазганын деле окубапмын, бирок, бүгүнкү күндөгү пенсионерлердин акчасы күнүмдүк көр оокатка да жетпейт. Чындыгында пенсия көлөмү өтө эле аз. Эми өмүр бою чоң кызматтарда иштегендердин пенсиялары 60 миң, 80 миң, 100 миң болгондор да жок эмес. Ал эми пенсия алып чет жакка чыгып эс алуу, тиги көп пенсия алгандардыкы гана жетпесе, калган көпчүлүк карапайым элдики алган пенсиясыайдан айга жетмек түгүл, бир күндө жок болуп кетет”,-деди Сулайманов.

Количество просмотров: 29