Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине сурак берүү үчүн келди. Бул тууралуу АКИpress агенттиги күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянып жазды.
Ал эми УКМКнын басма сөз кызматы бул маалыматты тастыктады. Алтынбек Сулайманов 3-декабрда да сурак берген болчу.
Буга чейин УКМК ведомстволор аралык тергөө тобу журналисттик иликтөөдөгү материалдар боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин улантып жатканын билдирген. 2-декабрда «Азаттык» радиосунун журналисттери, анын ичинде иликтөөнүн автору Али Токтакунов суракка чакырылган.
Ошондой эле суракка Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов, мурунку депутат Ширин Айтматова, жарандык активисттер, президенттин инаугурациясын өткөрүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү Фарид Ниязов, Мухаммедкалый Абылгазиев, Турдуназир Бекбоев жана башкалар чакырыла турганы маалымдалган.