Бир суткада Улуттук банк чыгарган алтын куймаларынын унций баасы 1518,5 сомго арзандады. Бул тууралуу «Акчабар» жазды.
Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө Улуттук банк калктан 31,1 грамм салмактагы өлчөнгөн куймаларды 179 миң 467,5 сомдон сатып алууда. 27-апрелде кайра сатып алуу баасы 180 миң 986 сомду түзгөн. Ошентип, баа 17,35 долларга төмөндөдү.
Кошумчалай кетсек, 28-апрелге карата алынган маалыматка караганда, Улуттук банктын алтын куймасынын бир унцийин 182 миң 159,5 сомго сатып алуу мүмкүн.