Бүгүн, 12-октябрда «Альянс» саясий партиясы сьездин өткөрүп, партиянын тизсемине кирген айрым талапкерлер белгилүү болду.
«Альянс» партиясынын катарында Алтынбек Сулайманов, Мирлан Жеенчороев, Жанар Акаев, Абдывахап Нурбаев, Айсулуу Мамашева, Чыңгыз Айдарбеков, Эрнис Кыязов, Чынара Капарова, Сейтек Качкынбай, Элдар Абакиров бар.
Белгилей кетсек, «Бир Бол», «Кыргызстан Либерал-Демократиялык Партиясы» жана «Адилеттүү Кыргызстан» саясий партияларынын лидерлери, саясатчылар «Альянс» партиясын түзушкөн.
Эске салсак, Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Учурда партиялар талапкерлеринин тизмесин тактоодо.