Бүгүн, 16-июлда Камчыбек Ташиев Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүндө сейил бакты куруудагы сапатсыз жумуш жана акчаны максатсыз пайдалануу маселеси боюнча жеринде таанышып чыккан. Бул тууралуу Region телеканалы видео жарыялады.
УКМК төрагасы бул иш менен таанышып, айыл өкмөт башчысын, жумуш аткаруучуларды жана техкөзөмөл кызматкерлерин камоону буйруган.
«Айыл өкмөтүнүн башчысы катары сен президенттин кайрылуусун да жакшы караган эмессиң. Анда «эгер мамлекеттин акчасын туура эмес пайдаланып, жеп кое турган болсоңор биринчиден 10 эсе кайтарып, экинчиден түрмөгө отурасыңар» деп жазылып турат. Бардыгын камагыла, алып кеткиле. Тергөө жүргүзүп, жоопко тарткыла», — деген Ташиев.