• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Аманбай Кайыпов Кыргызстандын Стамбулдагы консулу болоору айтылууда

18 Үчтүн айы 2020 16:56 Бишкек Govori.TV

Контейнер мектепке байланыштуу чырдан кийин кызматтан кеткен Нарындын экс-губернатору Аманбай Кайыпов Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугуна барат. Бул тууралуу Reporter.kg агенттиги өздүк булактарына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, учурда анын талапкерлиги каралып жатат.

Эске салсак, Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулу кызматын буга чейин Эркин Сопоков аркалап келген. Ал Стамбулда киши колдуу болгон ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу кызматтан бошоп, ноябрь айында камакка алынган.

Ал эми Аманбай Кайыпов учурда Өнөр жай, энергетика жана жер ресурстары боюнча комитеттин төрага орун басары кызматын аркалап жаткан.

Количество просмотров: 176