• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Амангельдиев МинКаб төрагасынын биринчи орун басарынын милдеттерин аткаруучу болду

16 Бештин айы 202412:47 Бишкек Govori.TV

Данияр Амангельдиев Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды

Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Амангельдиев Данияр Джолдошевич мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын кызмат ордуна дайындоо үчүн Данияр Амангельдиевдин талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилет.

Количество просмотров: 159