• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Өткөн жылы салык менен бажыдан канча каражат түштү?

22 Үчтүн айы 2024 11:39 Бишкек Govori.TV

2023-жылы социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн иш жүзүндөгү натыйжалары 106,2 %ды түзүп, жогорку деңгээлди көрсөттү. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда өткөн маалымат жыйында Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.

Анын айтымында, мындай жогорку темпте өсүштүн маанилүү шарты болуп, биринчиден, салык жана бажы жол-жоболорун фискалдаштыруу жана администрациялоо боюнча кабыл алынган олуттуу иш чаралар саналат.

«2023-жылдын январь-декабрь айларында салыктык жана бажылык түшүүлөр 296,5 млрд сомду түзүп, анын ичинде дээрлик 185,0 млрд сому салык кызматы тарабынан, ал эми 111,5 млрд сому бажы төлөмдөрүнөн камсыз кылынды. Ошондой эле, салык төлөөчүлөрдүн базасы көбөйдү, мисалы салыктык жана бажы түшүүлөр өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 28,6 пайызга же 65,9 млрд сомго көбөйдү. Экономикалык жөнгө салуу чараларын, ошондой эле акча-кредит саясатынын инструменттеринин кеңири спектрин колдонуу боюнча чаралардын алып баруусу инфляциянын деңгээлин акырындык менен төмөндөшүнө өбөлгө түздү», — деди ал.

Кошумчалангандай, жылдын жыйынтыгында инфляциянын деңгээли 7,3 пайызды түздү.

Количество просмотров: 135