Сириялык козголоңчулар кечээ ишембиде Дамаскты ээлеп, мамлекеттик телеканалды басып алышкан. Бул тууралуу эл аралык медиа жазып жатат.
Козголоңчулар Дамаскка келгиче негизги деп эсептелген Хомс шаарын бир күндүк кармашта эле өздөрүнө каратып алышкан. Ушундан кийин Башар Асад негизги колдоочуларынан ажыраган.
Сирия армиясынын командачылыгы Башар Асаддын 24 жылдык авторитардык башкаруусу аяктаганын офицерлерге билдиргенин Reuter жазды.
Ошентип, Дамаск Асаддан бошогону белгилүү болду. Асад козголоңчулар Дамаскты басып алып жаткан учурда белгисиз багытта учуп кеткенин жогорку кызматтагы офицер кабарлаган.
Ал эми премьер-министр Мохаммад Гази аль-Жалил мамлекетти башкаруунун ырааттуулугун сактоо үчүн сирия эли тандаган кандай гана болбосун бийлик менен иштөөгө даяр экендигин билдирди.
Козголоңчулар түрмөлөрдө жаткандарды бошотушту.
Башар Асаддын атасы мурдагы президент Хафез Асаддын эстелиги талкаланганы да айтылууда.
Сирияда 2011-жылы башталган жарандык согушта миллиондогон адамдар качкынга айланышкан. Бул өлкөнүн тагдыры эми кандай болот, бийлик башына кандай көз карашты карманган адамдар келет, азыр айтуу кыйын.