• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ананьев айылынын тургундары көрүстөндү талкалаган адамды издешүүдө

12 Үчтүн айы 2019 11:07 Бишкек Govori.TV

Бишкек.12.01.2019.Govori.TV.

Бүгүн, 12-январда таң эрте Ысык-Көл районунун Ананьев айылынын тургундары чогулушту. Алар айылдагы православдык көрүстөндү талкалаган адамды тезинен табуу талабын коюп жатышканын турмуш сайты жазып чыкты.

Нааразы тарап менен райондун акими, райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жолугушуп, учурда күнөөлүү адамды аныктоо, издөө иштери жүрүп жатканын айтышты

Буга чейин Ысык-Көл облусунун Ананьев айылында православдык көрүстөндү белгисиз адамдар талкалап кетишкени маалымдалган. Жергиликтүү тургундардын айтымында, белгисиз адамдар эстеликтерди, тосмолорду сындырып, гүл чамбарларды ыргытып кетишкен. Мындай көрүнүштү 11-январда кечинде көрүштү.

Ал эми Ысык-Көл ОИИБдин маалыматы боюнча, 11-январда саат 20:30 чамасында Ананьев аймактык милиция бөлүмүнө жергиликтүү жашоочу (аял киши) байланышып, христиан көрүстөнүндө эстеликтер талкаланганын билдирген. Айтылган дарекке Ысык-Көл ОИИБ менен Ысык-Көл РИИБдин кызматкерлери барып, окуянын чоо-жайын тактаган.

Маалым болгондой, 11-январда саат 16:00 чамасында чиркөөнүн кароолчусу менен диний кызматкер сыйынуу үчүн барышканда бир нече эстеликтер талкаланып турганын көрүшкөн. Ал жерден милиция кызматкерлери христиан дининдегилер тагына турган эки кайчылашкан сызык формасындагы 35 белгини жана мрамордон жасалган 2 эстеликти сынган абалда табышты.

Бул факты каза болгон адамды мазактоо фактысы менен Ысык-Көл РИИБде катталып, ыкчам текшерүү иштери жүрүп жатат. Бул окуя ОИИБдин жетекчилигинин көзөмөлүндө.


Количество просмотров: 17