• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Анара Асадова: Айыл-чарба министрлиги менен дыйкандардын ортосунда байланыш жок

16 Жетинин айы 2020 11:24 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген. Алардын бири Анара Асадова. Ал 41 жашта эки баланын энеси.

Чүй облусунун Москва районунун Садовая айылынан келген Анара дыйкандардын айыл чарба фермасынын жетекчиси.

«Бул тренинге келүүмдүн максаты билгеним менен бөлүшүп, билбегенимди үйрөнүп жана ошондой эле башкалар менен тажырыйба бөлүшүү болду десем болот. Мен эмгектенген тармак айыл чарба учурда өнүктүрүүгө муктаж. Негизинен алганда министрлик менен айыл чарбанын ортосунда керектүү байланыш жок. Ушул жактан ишти жөнгө салуу керек деп эсептейм», — дейт Асадова.

Количество просмотров: 138