• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Анарбаев: Саймаити тарабынан которулган акчалар тууралуу ИИМге маалымат берилип, жооп келген эмес

21 Үчтүн айы 2020 14:04 Бишкек Govori.TV

Айеркен Саймаити жана «Абдыраз» ишканасы тарабынан чет өлкөлөргө чоң суммада акча которулуп жатканы боюнча Ички иштер министрлигине 2014-жылы эле маалымат берилип, жооп келген эмес. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Гуламжан Анарбаев Саймаитинин өлүмү боюнча түзүлгөн парламенттик комиссиянын жыйынында билдирди.

«2016-жылдын 12-августунда Саймаити жана «Абдыраз» чет жакка которгон акча боюнча материалдарды дагы толуктап, текшериш үчүн Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка берилген. Бирок ушул эле жылдын 16-ноябрында Финпол иш козгоодон баш тарткан. Биз 2019-жылдын 26-июнунда кайра ошол материалдарды Финполго бердик. Ошонун негизинде Айеркен Саймаити 2 млрд. 602 миң сом, ал эми «Абдыраз» ишканасы 3 млрд. 810 млн. кошумча салык төлөсүн деген чечим чыккан. Бул кылмыш иши УКМКга өткөндөн кийин материалдар кайрадан жаңыланып өткөрүлдү», — деди Анарбаев.

Эске салсак, Кыргызстандын бажысындагы коррупциялык схема боюнча журналисттерге маалыматтарды жана жүздөгөн документтерди берген Айеркен Саймаити 10-ноябрда Стамбулдагы мейманканалардын биринин кафесинде отурган жеринен атып өлтүрүлгөн. Түркияда аны өлтүрүүгө шектүү катары төрт киши кармалган.

Количество просмотров: 106