• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Мадумаров: Сыртта кыйналып, кордук көрүп жүрүп салган акчалар Кыргызстанда калган жок

25 Баш оона 2022 16:31 Бишкек Govori.TV

Мигранттардын сыртта кыйналып, кордук көрүп жүрүп салган акчалар Кыргызстанда калган жок. Мындай пикирин ЖК депутаты Адахан Мадумаров билдирди.

«Бир жылдын ичинде Кыргызстанга Өзбекстанда 223 миң жаран туруктуу жашоого көчүп өттү. Мен айылда көп болом… Ошол сыртта жүрүп тишинин кирин соруп, кыйналып, качып, кордук көрүп жүрүп салган акчалар Кыргызстандын ичинде калган жок. Кыргыз экономикасынын өсүшүнө жардам берип жаткан жок. Ошол акчалар Кыргызстанга кирип эле, кайра Өзбекстана чыгып кетип баратат. Билесизби кантип… Помидорду ал жактан, бадыраңды ал жактан алып жатабыз. Мен кезинде чек ара ачылды дегенде «калпагыңды көккө ыргытканыңды токтот кыргыз, кубанба, зыянын тартсаң тартаарсың анын ырахатын көрбөйсүн» десем, «Мадумаровго чек ара ачылса да жакпайт» деп кыйкырышты. Чек ара ачылгандан кийин өзбек дыйкандары бүтүндөй жер-жемишин Кыргызстанга алып келет. Биздин Чүйдүн тегерегинде курулуп калган ошол мезгилде 200 миң доллардан кредит алып күнөсканаларды курган, бүтүндөй баары банкрот болду», — деди депутат.

Депутат белгилегендей Кыргызстанга келген акчалар өлкөдөн 3 жол менен чыгып кетип жатат.

Количество просмотров: 335