• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Андрей Малахов Кыргызстан менен кызматташканы келдиби?

10 Тогуздун айы 201918:48 Бишкек Govori.TV

 «Россия 1» каналындагы «Прямой эфир» ток-шоусунун алып баруучусу Андрей Малахов Орусиядагы Кыргызстандын элчилигине барды. Бул тууралуу активист Тимур Саралаев фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды.

Анын айтымында, теле алып баруучу элчи Алибек Жекшенкулов менен жолуккан.

Келиптир Элчиге…
Акырын эле суйлойт экен, чон сабак болду мага дейт…
Кызматташалы Кыргызстан менен деп суранды Элчиге.
Мен, — «Андрей Николаевич, МЫ кыргызы великодушный народ…», деп колун катуу-катуу кысып койдум,-деп жазган Саралаев.

Эске салсак, буга чейин теле алып баруучу Андрей Малахов “Россия 1” телеканалындагы “Прямой эфир” берүүсүндө кыргызстандык таксист менен россиялык миллиардер Александр Маруговдун уулунун мотоцикли кагышкан жол кырсыгын талкуулаган. Кырсыктын кесепетинен Маруговдун баласы каза болуп калган.

Берүү YouTube-каналына чыккандан кийин алып баруучу катуу сынга кабылды. Соцтармактын колдонуучулары maLOHov хештеги менен ага наалат айткан билдирүүлөрдү жазышууда. Көпчүлүк алып баруучу бүтүндөй кыргыз элинин намысына шек келтиргенин айтып, кечирим суроосун талап кылгандан кийин, Малахов бүтүндөй кыргыз элинен кечирим сураган.

Количество просмотров: 180