• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

Анджелина Джоли Украинадагы кырдаал боюнча билдирүү калтырды

25 Бирдин айы 2022 15:49 Бишкек Govori.TV

Голливуд жылдызы, дүйнөгө белгилүү актриса, Бириккен Улуттар Уюмунун ыктыярдуу элчиси Анджелина Джоли өзүнүн Инстаграм баракчасына Украинадагы кырдаал боюнча билдирүү калтырды.

“Мен баарыңар сыяктуу эле Украинадагы жарандар үчүн тиленип жатам. Мен жана менин БУУдагы кесиптештерим менен аймактардагы качкындардын укуктарын коргоого жана алардын коопсуздуугун камсыз кылууга көңүлүбүздү буруп жатабыз. Биз жоготууларды жана үй-жайын таштап, коопсуз жай издеген адамдар жөнүндө маалыматтарды көрүп жатабыз. Азырынча эмне болуп кетээрин айтуу али эрте, бирок учурдагы кырдаалга Украианын эли жана эл аралык укук тартип үчүн ашыкча баа берүү мүмкүн эмес“, – деп жазган Анджелина Джоли.

Количество просмотров: 56