Бишкек.27.06.2019.Govori.TV.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда Кыргызстанда элдин бийликке ишеними пайда болгон. Мындай пикирин ЖК депутаты Анвар Артыков Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө өтүп жаткан пресс-конференцияда сүйлөп жатып билдирди.
«Атамбаевдин эмгегин баалайлы. Ал алты жылда болуп көрбөгөндөй туруктуулукту камсыз кылды. Алгачкы жолу элдин бийликке ишеними пайда болгон»,-деди ал.
Эскерте кетсек, ЖК 27-июндагы жалпы жыйынында Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратууну колдоду. Ага депутаттардын 103ү макул болуп, алтоо каршы добуш беришти.