• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Анжиян шаарынын башчысы бюджеттен $4,4 млн уурдаган деген шек менен кармалды

7 Кулжа 2022 17:04 Бишкек Govori.TV

Анжиян шаарынын башчысы Бахромжон Хайдаров баштапкы тергөөнүн жыйынтыгы менен камакка алынды. Бул маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Хаёт Шамсутдинов ырастады.

Тергөөнүн версиясы боюнча Анжиян администрациясынын башчысы болуп дайындалганга чейинки ишинде Хайдаров жана анын шериктери бюджеттен 48 миллиард сум ($4,34 млн) уурдашкан.

Башкы прокуратура жүргүзгөн иликтөөнүн алкагында 37 киши жоопкерчиликке тартылып, алардын 32си кармалган. Азыркыга чейин зыяндын 23 пайызы гана кайтарылды.

Быйыл 28-майда Хайдаров депутаттык кол тийбестик макамынан ажыратылган.

Буга чейин аким Бахромжон Хайдаров жер бөлүштүрүүдө мыйзам бузууларга барып, мамлекетке 1,7 млрд сум ($153 миң) зыян келтиргени кабарланган.

Количество просмотров: 84