• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Анжиянда блогер сабалды

19 Бирдин айы 2020 14:12 Бишкек Govori.TV

Анжиян облусунда 18-февралда блогер Отабек Нуритдиновду спирттик ичимдиктерди саткан дүкөндүн ээси жана анын эки уулу катуу сабап кетишти. Блогердин оозу жырылган. Бул факт боюнча териштирүү иштери башталды.

Блогер “Фейсбуктагы” баракчасында билдиргендей, буга анын спирттик ичимдиктерди саткан дүкөндүн мечитке жакын жайгашканы жөнүндө социалдык түйүндөрдө пикир калтырганы себеп болгон.

18-февралда Отабек Нуритдинов ден соолугуна келтирилген зыяндын деңгээлин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертизага кайрылган.

Асака райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери блогер сабалганын тастыктады. “Бардык күнөөлүү кишилерге карата чара көрөбүз”, – деди ал.

Былтыр 30-декабрда Отабек Нуритдинов жалаа жабуу, кемсинтүү жана майда бейбаштык айыбы менен 15 суткага камалып, айып пулга жыгылган. Ага каршы Анжиян облусу менен Асака районунун башчылары, райондук мектептин директору жана облустук элдик билим берүү башкармалыгынын жетекчиси арыз жазган.

Анын алдында блогер “Фейсбуктагы” баракчасына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бюджеттик каражатка кол салып жатканы тууралуу билдирүү жазган.

Количество просмотров: 152