• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Анжиянда ишкер өз жанын кыйды

22 Баш оона 2022 17:18 Бишкек Govori.TV

Анжиян облусунун Улугнор районунда «Такомил курилиш сервис» компаниясынын жетекчиси өз жанын кыйды.

Маалыматтарга караганда, ишкер курулуп жаткан спортзалда асынып алган. Соцтармактардын колдонуучулары 250-300 кишинин катышуусунда өткөн жыйында район акими жана прокурор аны катуу шылдыңдап, кемсинтишкенин жазышууда.

Бул арада Анжиян облусунун акимчилиги райондук администрацияда 300 кишинин катышуусунда эч кандай жыйын болбогонун, аким менен прокурор ишкерге кысым көрсөтпөгөнүн кабарлады.

Ушул тапта укук коргоо органдары тергөөгө чейинки териштирүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Буга чейин Анжиянда аймактагы белгилүү ишкер, Rash Milk жана Recosement компанияларынын ээси Рахмиддин Мирзаев өз жанын кыйган.

Количество просмотров: 136