• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Анжиянда өзүн өрттөгөн келин каза болду

10 Жалган куран 20238:51 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын Анжиян облусунун Жалакудук районунда 23 жаштагы келин өзүн бензин чачып өрттөдү. Медициналык жардам көрсөтүлгөнүнө карабай, ал көз жумду.

Окуя 7-мартта түшкө жуук болгон. Бул тууралуу өзбек басылмалары Өзбекстандын Башкы прокуратурасына шилтеме жасоо менен билдиришти.

Биршаган маалесинин жашоочусун тегеректеги кишилер сактап калган. Бирок ал ооруканада каза болгон.

Суициддин себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Райондук прокуратура иликтөө жүргүзүүдө.

Өзбекстандын Кылмыш кодексинин “Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Количество просмотров: 162