• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Анжиян шаарынын мурдагы башчысы 10 жылга соттолду

27 Бештин айы 2022 15:00 Бишкек Govori.TV

26-декбарда Фергана облустук соту 45 фигурантка козголгон кылмыш иши боюнча өкүм чыгарды. Алардын арасында Анжиян шаарынын мурдагы акими да бар. Бул тууралуу Өзбекстандын Жогорку соту билдирди.

50 жаштагы Бахром Хайдаров «Каражатты ээлеп алуу же коромжуга учуратуу аркылуу уурдоо», «Кызматынан кыянат пайдалануу», «Кылмыштуу жол менен алынган каражаттарды адалдаштыруу» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды.

Хайдаров 10 жылга соттолуп, 3 жылга жооптуу кызматтарда иштөө укугунан ажыратылып, 85 млн сум же 7,6 миң доллар айып пул төлөөгө милдеттендирилди.

Бул иш боюнча Анжиян шаарынын мурдагы прокурору Курбонали Аскаров 10 жыл 6 айга түрмөгө кесилди. Дагы бир катар мурдагы аткаминерлер 4 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратылды.

Маалыматка караганда, айыпталуучулардын аракетинен улам мамлекетке келтирилген 63 млрд сум чыгымдын 16 млрд суму казынага кайтарылды.

Мурдараак Анжиян шаарынын мурдагы башчысы Бахром Хайдаров 2017-2019-жылдары Анжиян облусунун каржы башкармалыгын жетектеп турганда ири суммадагы бюджеттик акчаны уурдоо шеги менен кармалганы кабарланган.

Количество просмотров: 76