• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Апаларды камоо жигитчиликке жатпайт». Кемпир-Абадды коргоо комитети Уланбек Ниязбековко кайрылды

11 Үчтүн айы 2023 16:36 Бишкек Govori.TV

Бишкекте Кемпир-Абад иши боюнча мыйзамдуулукту талап кылып нааразылык акцияга чыккандарды милиция кармап кетип, кайра кое берди. Бүгүн абакта жаткан Кемпир-Абадты коргоо комитетинин мүчөлөрү Ички иштер министри Уланбек Ниязбековко кайрылуусун жолдоду.

«Урматтуу Улан Мырза, Кыргыз Республикасынын Конституциясы ар бир кыргыз жаранына тынч митингке чыгуу гарантиясын берет. Ушул укуктан пайдаланып биздин тарапташтар, жакындарыбыз мыйзамдуулукту талап кылып ИИМдин имаратына барышты. Сиздин кызматкерлериңиз, көз каранды, бийликтин буйругун аткаруу менен чыгарган Биринчи май райондук сотунун, Конституцияга каршы келген чечимин жетекчилике алып, биздин тарапташтарыбызды кечээ кармашты. Биз сиздин эсиңизге салабыз, Конституциянын нормалары соттун, өзгөчө көз каранды сотун чечиминен жогору турат. Сиз жана сиздин кызматкерлер мыйзамды бузуп атасыңар. 2017-жылы, бийликти басып алууга күнөөлөнүп камалган С. Жапаровтун тарапташтары милицияга жана ак үйдүн кызматчыларына кол көтөрсө дагы, ал убактагы бийлик камака алган эмес. Биздин тарапташтар, С. Жапаровтун тарапташтарынан айырмаланып тынч жана маданияттуу митингке чыгышты. Мыйзамды бузушкан жок. Аялдарды, карыган апаларды, жаш кыздарды камоо, кармоо, эч кандай мыйзамсыз, жигитчиликке, жогорку мамлекеттик кызматчынын этикасына дагы жатпайт», — деп айтылат билдирүүдө.

Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО-1) “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” көргөн деген негизде 24 киши камакта жатат. Шектүүлөрдүн экөө үй камагында, бир адамга издөө жарыяланган.

Камакта жаткандардын тизмеси:

Жогорку Кеңештин экс-вице-спикери Асия Сасыкбаева, мурдагы депутаттар Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Азимбек Бекназаров, Орозайым Нарматова, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, укук коргоочу Рита Карасартова, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев, Боршайкомдун мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева, активисттер Илгиз Шаменов, Улукбек Маматаев, Акылбек Айтбаев, Али Шабдан, Чыңгыз Капаров, Марат Баязов, Таалайбек Мадеминов, Атай Бейшенбек, Перизат Суранова, Эрлан Бекчоро уулу, Талас облусунун мурдагы башчысы Айбек Бузурманкулов, Жалал-Абад облусунун мурдагы жетекчиси Бектур Асанов, журналист Айданбек Акматов, мурдагы элчи Мамбетжунус Абылов, “Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов.

Нурлан Асанбеков менен Талантбек Эшалиев үй камагында.

Камалгандар Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыгып, “Кемпир-Абадды коргоо комитетин” түзүшкөн.

Количество просмотров: 1360