Ысык-Көлгө бара жаткан жолдогу «Апамдын каттамасы» аталышындагы белгилүү жайдын жаңы эскиздери иштелип чыкты.
Бишкек-Балыкчы-Торугарт унаа жолунун 110-чакырымындагы коомдук тамактануучу жайлардын ээлери менен имараттардын сырткы фасадын иретке келтирүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Долбоор боюнча 5 тамактануучу жай буздурулат жатат жана эскиздер боюнча кайра курулат.
Боом капчыгайына кире бериштеги «Апамдын сүт чайы» же «Апамдын каттамасы» деген бренд менен таанылган тамактануучу жай темир жолдун аймагында жайгашканы үчүн Чолок айылына көчүрүлгөн.