• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Апасы Түркияга иштегени кеткен наристе ооруканада чарчап калды

14 Үчтүн айы 202020:30 Бишкек Govori.TV

Ак-Суу районунун Боз-Учук айылында 10-январь күнү бир жаштагы наристе чарчап калды. Бул тууралуу turmush.kg басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, кыздын энеси аталган айылда 1997-жылы туулган. Атасы каза болгон. Ал Ысык-Көл районунун Өрүктү айылынын тургуну болчу. Чарчап калган наристенин апасы Түркияга иштегени кеткен. Наристе таенесинин колунда калган.

«Кыздын жүрөк оорусу бар экени айтылып жатат. Анан кусуп, көгөрүп калчу экен. Бул жолу дагы жүрөк оорусу кармап, көгөрө баштаптыр. Аны эсине келтирүү үчүн бетке чабышкан экен. Наристени ооруканага алып барышканы менен каза болуп калган. Айыл ичинде жүрөк оорусунан улам чарчап калдыбы же сабалдыбы деген сөздөр айтылып жатат», — дешти тургундар.

Ал эми Ак-Суу райондук ооруканадан 10-январда наристе жандандыруу бөлүмүнө түшкөнүн билдиришти.

«Бизге түшкөн К.Ясинага 11 ай 20 күн болуптур. Ал таенесинин колунда тарбияланып жаткан экен. Бизге оор абалда түштү. Ага мээнин шишиги жана аз кандуулук деген диагноз коюлду. Дарыгерлер колунан келген аракеттерин кылышты. Эртеси облустан педиатр, эндокринолог чакыртып, консилиум кылдык. Бирок көрүлгөн аракеттерге карабай наристе саат 13:00дө чарчап калды.

Кыздын жаагында көк ала тактар болгондуктан милицияга кабар берилди. Кызды алып келген жакындары наристенин абалы оорлоп бара жатканда дем алдыруу үчүн массаж жасаганын айтышты. Булар экспертизанын жыйынтыгынан кийин белгилүү болот», — деп билдиришти райондук ооруканадан.

Количество просмотров: 35