• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

“Apple” компаниясы акылдуу кийимдерди чыгарууну көздөөдө

4 Бирдин айы 2019 14:50 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 04.02.2019. Govori.TV

“Apple” компаниясы алдынкы жылдарда «smart» же акылдуу кийим түрлөрүн чыгарууну көздөөдө. Бул кийимдер “iPhone” смартфону менен түз байланыштырылат.

Алгачкылардан болуп мындай кийим алууну каалагандарга компания кездеменин өзгөчө түрүн тиркеген. Кызыгы, бул кездеме ичке зымдар улангандыктан ал маалыматтарды жыйнай алат.

Заманбап технология менен жабдылган кийим адамдын жүрөк согушун, кан басымын жана дене табын өлчөй алат. Бул боюнча бардык маалымат смартфонго келип түшөт. Андан башка, кездеменин жардамы менен ырды кошуп, наушниктин жардамысыз коңгуроого жооп берүүгө болот.

Жакында эле интернетте ушул темага байланыштуу бир нече макалалар да жарыялангын экен.

Количество просмотров: 16