Бишкек. 09.08.2019. Govori.TV
Күч түзүмдөрү «Медиа Форумга» барып, анын ичинде иштеп жаткан «Апрель» телеканалынын кызматкерлерин сыртка чыгарды.
Белгилүү болгондой, кызматкерлердин баарын 40 мүнөттүн ичинде сыртка чыгып кетишин талап кылып, андан соң имараттын эшиктерине кирүүгө тыюу салынган мөөр басылган.
«Апрелдин» сайтынателеканалдын директору Дмитрий Ложниковдун комментарийи жарыяланды.
Ички иштер министрлиги бул боюнча комментарий бере элек.
Эскерте кетсек, 7-8-август күндөрү күч түзүмдөрү Алмазбек Атамбаевди Кой-Таш айылындагы үйүнөн алып кетүү үчүн атайын операция жүргүзгөн. Мурунку президенттин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Мунун кесепетинен спецназдын бир жоокери каза таап, 100гө чукул киши ар кандай жаракат алган.
Натыйжада Атамбаев жана анын жакын адамдары кармалды. Мындан сырткары, спецназ аскерлерин барымтага алган жана Бишкек шаарында массалык башаламандык уюштурууга шектелгендер кармалып, айрымдары күбө катары суракка чакырылууда.