Бишкек.09.08.2019.Govori.TV.
Борбордо жайгашкан «Медиа форумдун» имараты камакка алынды. Бул тууралуу КСДПнын мүчөсү Кундуз Жолдубаева билдирди.
Бул имаратта КСДПнын, «Апрель» телеканалынын жана башка уюмдардын кеңселери жайгашкан.
«Апрель» каналынын директоруну Дмитрий Ложников кеңсенин бошотууга 40мүнөт берилгенин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.
«1 саат мурда спецназдар келип 40 мүнөттүн ичинде кызматкерлерге имараттан чыгып кеткиле же биз алып чыгабыз деди. Мен кызматкерлеримдин өмүрүн тобокелге салгым келбейт. Биз имараттан чыгып кеттик. Бирок ишибизди токтотпойбуз», — деди ал.
Эске салсак, Атамбаев 26-августка чейин камакта калтырылган.