Бишкек.26.06.2019.Govori.TV.
Атамбаевге таандык делген «Апрель» телеканалы коомчулуктан саясий туткундарды колдоо үчүн петицияга кол чогултушууда.
Алар саясий туткундардын иштерин ачык жана адилеттүү карап берүүнү талап кылышууда.
Эң кызыгы «Апрель» телеканалынын петициясында түзүлгөн саясий туткундардын арасында Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров жана Аида Салянова да бар. Мындан тышкары бул курамга Атамбаевдин тарапташтары делген Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов жана башкалар кошулган.
Мындай курам коомчулукта катуу талкууга түшүп, Атамбаевдин убагында камалган делген Текебаев менен Жапаровду «Апрель» каналы өз курамына кошуп алганы туура эмес болгонун жазышууда.
Алардын айтымында Текебаев камалганда жана азыркы күнгө чейин ошол эле «Апрель» каналы коргоого чыккан эмес.

