• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

«Апрель» телеканалынын директору 5 саат сурак берип чыкты

14 Баш оона 20199:00 Бишкек Govori.TV

Бишкек.14.08.2019.Govori.TV.

«Апрель» телеканалынын директору Дмитрий Ложников 13-августка караган түнү 23:00 чамасында УКМКдан чыкканын телеканалдын сайты жазып, өзүнүн кыскача видео интервьюсун да жарыялады.

“Сурак, маектешүү деп атайлы, УКМКда, анан ИИМдин Тергөө кызматында жүрдү. Андан кийин ИИМдин Криминалдык милиция кызматында уланды. Мен көргөн-билгендерим тууралуу айтып бердим, көрсөтмө бердим жана түшүндүрдүм”,- деди ал.

Дмитрий Ложников УКМК маектешүүгө чакырылганын телеканалдын сайты билдирип, анын атайын кызматтын имаратына кирип бараткан видеосун жарыялаган. Тасмада Ложников ага чакыруу кагазы келбегенин, УКМКнын кызматкери ага телефон чалып көргөн-билгенин айтып берүүнү сунуш кылганын айткан.

9-августтун кечинде Ички иштер министрлиги соттун чечими менен «Медиа Форум» ишканасынын жана «Апрель» телеканалынын мүлкүн камакка койгон.

«Апрель» телеканалы коррупцияга шектүү катары камакка алынган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге таандык.

Количество просмотров: 12