• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

«Апрелдин» петициясына Текебаев менен Салянованын кошулуп калуусуна Ф. Ниязов жооп берди

26 Кулжа 2019 17:22 Бишкек Govori.TV

Бишкек.26.06.2019.Govori.TV.

Атамбаевге таандык делген “Апрель” телеканалы коомчулуктан саясий туткундарды колдоо үчүн петицияга кол чогултушуп, алар саясий туткундардын иштерин ачык жана адилеттүү карап берүүнү талап кылышууда.

Эң кызыгы “Апрель” телеканалынын петициясында түзүлгөн саясий туткундардын тизмесинде Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров жана Аида Салянова да бар. Мындан тышкары бул курамга Атамбаевдин тарапташтары делген Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов, Дамир Мусакеев жана башкалар кошулган.

Мындай курам коомчулукта катуу талкууга түшүп, Атамбаевдин убагында камалган Текебаев менен Жапаровду “Апрель” каналы өз курамына кошуп алганы туура эмес болгонун жазышууда.

Ал эми бул тууралуу Фарид Ниязов пикирин айтып, журналисттердин саясий туткун деп кимди атоого болот деген суроого жооп кайтарды.

«Аида Салянованын лицензия бергенине байланыштуу кылмыш иши тууралуу кеп көтөрүлгөн жок, кеп бүгүнкү куугунтук тууралуу. Ал эми Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаров тууралуу айта турган болсом, мында соттун чечими бар. Мен саясий туткундар тууралуу айтып бере тургандай адис эмесмин», -деди ал.

Жогоруда ысымы аталгандардын баарын саясий туткун деп эсептейсизби деген суроого, алар саясатчылар деп жооп берди.

Ал кошумчалагандай, бул тизмени Атамбаев өзү жеке түзгөн эмес, аны штаб түзгөн.

Количество просмотров: 4