• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Апта ичинде 16 миң 480 жол эрежесин бузуу аныкталды

24 Тогуздун айы 2022 17:13 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын аймагында бир аптанын ичинде 16 миң 480 жол эрежесин бузуу аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:
— жогорку ылдамдыкта унаа башкаруу – 3231;
— автоунаанын тиешелүү документи жок – 239;
— транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузгандыгы үчүн – 4631;
— автоээнбаштык – 2;
— жөө жүрүүчүлөрдүн жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн – 495;
— ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 60;
— жол белгилеринин, жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 6522;
— айдоочунун маңдайкы айнеги жана (же) алдыңкы эшиктердин каптал айнектери күңүрттөлгөн унааны башкаргандыгы үчүн – 30;
— мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 289.

Унаа токтотуучу жайга1302 автоунаа токтотулду.

Количество просмотров: 54