• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Апта ичинде коронавирустун 17 учуру катталды

10 Чын куран 202315:13 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 3-апрелден 10-апрелге чейин коронавирустун 17 учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирет.

Маалыматка ылайык, 17 адамдын 10у ооруканага жаткырылган.

«Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү саны бирден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат», — деп айтылат билдирүүдө.

2022-жылы жана 2023-жылдын 101 күнүндө жалпысынан COVID-19 коронавирустук инфекциясынын 22 миң 101 учуру катталды.

Количество просмотров: 59