• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Апта. Улуттук банк Абдыгуловдун чөнтөгүбү? (видео)

3 Жетинин айы 2018 12:19 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 03.11.2018. Govori.TV

 

Каримованы кайрадан кетиришти…
Эки күн мурун маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов ырчы Самара Каримованы Ныязаалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директорлугуна коюп, коомчулуктун кысымы аркылуу кайра эле бошотууга аргасыз болду.
Маалыматка караганда, Жаманкулов Каримова бул кызматка статс-катчы тарабынан мыйзамсыз жана өзү министр боло электе дайындалганын айткан. Мындан улам Каримованы кызматка дайындоо тууралуу чечимди жокко чыгарган. Каримова музыкалык орто окуу жайдын директору болуп дайындалганын аталган министрлик 30-октябрда кабарлаган. Мекеменин маалыматында министр Азамат Жаманкулов алты айлык сыноо мөөнөтү менен ырчыны музыкалык мектепке жетекчи кылып дайындоо тууралуу чечим кабыл алганы айтылган. 27 жаштагы Самара Каримова былтыр «Сулайман-Тоо» музей комплексине жетекчи болуп дайындалып, коомчулуктун катуу сын пикирине кабылган. Ошондон кийин ырчы бул кызматтан баш тартканын жарыялаган эле. Кечээ Самара Каримова бул тууралуу өзүнүн фейсбуктагы баракчасына пикир калтырып, «Кээ бир чон кызматта иштеген агаларымдын көкөйү кайнайт экен. Бирок айтаарым , кучактап отурган креслодон кетээриӊер менен эл унутат» деп жазды. Эмнеси болсо дагы, кызматка коюп кайра ала бергендей Каримова дагы, аталган кызматтар дагы акыры оюнчук эмес болсо керек…

 

Кыргызча сүйлөгөн мэр…Кыргызча жаза албаган кызматкер…
Кечээ Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов журналист журтчулугуна чай берип, эне тилде куттуктап элдин көӊүлүн алган эле. (Азиз Суракматов) Кечке жуук мэриянын ката жазган баннери талкууга алынып бүгүнкүгө чейин токтогон жери жок. Чакан баннерде кетирилген үч ката тууралуу ар кимдин ою ар башка болууда. Айрымдар кадимки кемчиликтердин бири экендигин, мынчалык майдалана берген деле жакшы эмес экендигин жазышса, айрымдар «Баарыбызга күлкү болуп жатышы мүмкүн бирок, тереӊирээк түшүнгөн адамга өлкөбүздө улуттук тилдин бугунку акыбалы ушуга келип кептелгенин байкоого болот. Кыргыз тили боюнча алгылыктуу иштерди алып барбагандыктын жыйынтыгы, улуттук идеялогиянын, өзгө тилди урматта,өз тилиӊди мыкты бил деген саясаттын жоктугу» деп белгилешти.

КСДП менин партиям…КСДП сенин партияӊ…
Эки президент чыккан КСДП партиясы акыркы мезгилде көӊүлдүн чордонунда болуп, Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы таасирдүү делген фигура Икрам Илмияновдун камалышы менен катар, Иса Өмүркуловдун партиядан четтетилиши кызуу талкууну жаратууда. Партиядан чыгарылгандыгы өзүнө дагы күтүүсүз болгон Иса Өмүркулов кечээ чукул жыйын өткөрүп, көчөдөн келген адам эмес экендигин, Алмазбек Атамбаев жана башкалар өкүнө турган аракеттер алдыда боло турганын эскертти. Бул аралыкта эки жыл мурун эле Иса Өмүркуловдун Алмазбек Атамбаевди «Журт атасы» деп көкөлөтүп жиберип, коомчулуктун сынына дагы кабылгандыгын эске салышты. Ал эми айрым саясатчылар дагы бул тууралуу пикирлерин билдирип, башкаруучу партия болуп эсептелген КСДПнын ичиндеги мындай жагымсыз окуя жалпы эле мамлекеттин абалына таасирин тийгизе тургандыгын белгилешүүдө.

Улуттук банк Абдыгуловдун чөнтөгүбү?
Башкы прокуратура Улуттук банктын төрагасына берилген турак-жай ссудасы эсептен кандай негизде чыгарылганын текшерип чыгышы керек деген талап Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында коюлду.Буга чейин Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловго жумушунан берилген 6 миллион сомдук турак-жай ссудасы эсептен чыгарылганын депутат Гүлшат Асылбаева айтып чыккан эле.
Ал Улуттук банк өз кызматкерлерине турак жай ссудасын берүүгө акылуу экенин, бирок аны эсептен чыгарып салууга акысы жоктугун айткан. — Башкы прокуратура мен айткан фактыны текшерип чыксын. Эсеп палатасынын менин суроомо берген «мыйзам бузуу жок» деген жообунун мыйзамдуулугу да текшерилсин. Мыйзамсыз кечирилген акчаны кайра мамлекетке кайтарып алуу боюнча чара көрүлсүн, — деди депутат Асылбаева. Башкы банк бүгүн бул маселеге байланыштуу комментарий берип, Абдыгуловго 2015-жылдын июнь айында 5,5 миллион сом ссуда берилгенин жана 2017-жылдын 31-октябрында ошол акчанын калган 4 миллион 824 миң сому эсептен чыгарылганын тастыктап, бул чечим мыйзамдуу экенин айтууда. Жалпысынан, 2000-2018-жылдары Улуттук банк өз кызматкерлерине турак жай маселесин чечиш үчүн өз каражатынан 798 миллион 869 миң сом бөлүп берген, анын 31 миллион 921 миңи эсептен чыгарылган. Бул аралыкта Толкунбек Абдыгуловдун былтыр туристтерди тартуу үчүн марихуананы мыйзамдаштыруу керек деген пикирди айтып талкууга түшкөнүн дагы эстешти.
Количество просмотров: 42