• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Апта жыйынтыгы: Муфтийдин кайдыгерлиги адамдарга залакасын тийгизбейби? Шайлоо чуусу уланды…

28 Бирдин айы 2020 20:02 Бишкек Govori.TV

Дүйнө элин чочулаткан коронавирус Кытайдын чегинен чыгып, Түштүк Кореяда, Иран жана Италияда катталып, үч күндө беш киши көз жумду. Өпкөнү сезгенткен вирус Орусияда үч кишиден чыкты. Улуу Британияда болсо 13 киши дарыланууда. Ал эми Кыргызстанда эпидемиологиялык абал кандай? Саламаттык сактоо министрлиги жооп берип,Дин иштери боюнча мамлекеттик комитет менен Мусулмандар дин башкармалыгына жума намазга барган элдин санын кыскартууну сунуш кылды.

25-февралдаПрофсоюзчулар кайрадан Жогорку Кеңештин имаратынын алдына тынчтык митингине чыгышкан. Чогулгандар Профсоюздар федерациясынын төрагасы Мирбек Асанакуновдун кызматынан кетишин талап кылышууда.

Бул аптада да күзүндө боло турчу парламенттик шайлоо жана жакынкы арада өтө турган жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо темасы уланды. Баарыбызга белгилүү болгондой шайлоого аз калганда, саясий оюндар, чырлар да күчөйт. Буга чейин шайлоо алдында жарандарды мыйзамсыз түрдө каттооого алуу фактысы талкуу жарткан эле. Ал эми бүгун алдыдага шайлоолордо мыйзам бузууларды алдын алуу жана андагы укук когороо органдарынын алып бара турчу иштери тууралуу жыйын болду. Анда Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматынан жетекчиси Нурлан Исмаилов шайлоо учурунда күч органдарынын кыла турган иши боюнча сөз кылды.

Количество просмотров: 651