Бишкек. 02.08.2019. Govori.TV
“Баарыбыз мыйзам алдында бирдейбиз”. Бул Президент Сооронбай Жээнбековдун коомчулуктун көптөн бери кызыгып, кулак төшөп турган суроосуна жообу болду. Мамлекет башчы Чүй облусунун Панфилов районунун эли менен болгон жолугушууда «Атамбаевдин иши Кыргызстандын мыйзамдарынын алкагында чечилүүгө тийиш», — деп белгиледи.
Ал эми, ИИМдин Тергөө кызматы Атамбаевди 8-июлдан бери үч жолу күбө катары суракка чакырып, бирок ал баруудан баш тартып келет. Тергөө кызматы кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушуна байланыштуу кылмыш ишин быйыл жыл башында кайра иликтей баштаган. Жогорку Кеңеш быйыл 27-июнда Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу токтом кабыл алган.