• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Араб кыз-келиндери эркиндик алышты

2 Баш оона 201910:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 02.08.2019. Govori.TV

Араб бийлиги мыйзамдарына өзгөртүү киргизип 21 жашка чыккан айымдардын укуктары эркектердикине теңделди. Бул туурасында Saudi Gazette басылмасы жазып чыкты.

Жаңыланган мыйзамга ылайык, эми айымдар өз алдынча эч кимдин уруксааты жок эле паспорт алып чет өлкөгө чыга алат. Буга чейин алар жанында коргологон эркектин уруксааты жок четке чыга алышчу эмес. Ал өлкөнүн тартиби боюнча аялдарга уруксаатты үйдөгү эрекектер берчү. Алар: жолдошу, атасы же агасы болушу мүмкүн.

Мындан сырткары аялдар эркектер менен катар мамлекеттик органдардан жаңы төрөлгөн ымыркайды өзүнө каттатып, жашы жете элек балдарды азырап алууга укуктуу болуп калышты.

Акыркы жылдары Сауд Арабияда аялдардын укуктарына тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизип жатат. 2018-жылы королдуктун айымдары автоунаа айдоо укугуна жетишип, биринчи жолу тарыхта ушул жылдын февраль айында жогорку дипломатиялык кызматка Рима бинт Бандар бен Султан бен Абдель Азиз Аль Сауд жетишип АКШнын элчиси болуп дайындалган.

Количество просмотров: 24