• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Арабаев ага карата айтылган наалатты тоң моюндук менен кабыл алды

4 Кулжа 201916:40 Бишкек Govori.TV

Бишкек.04.06.2019.Govori.TV.

Президенттин аппаратынын сот реформасы жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаев Биринчи Май райондук сотуна алып келинди. Аны залдагы адамдар «наалат» деп кыйкырып тосуп алышты.

Эске салсак, Президенттик аппараттын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манасбек Арабаев 2-июнда камакка алынган.

УКМК тараткан маалымат боюнча, Арабаев чет элдик инвесторлордун объектилерин күч колдонуп басып алган айрым кылмыштуу топтордун кызыкчылыгы үчүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган.

Сотко чейинки тергөө иштери учурунда Арабаевдин жогорудагы кылмыштарга тийиштиги бар экени аныкталып, «Коррупция» беренеси менен Жоруктар менен кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.

Количество просмотров: 12