Бишкек.30.08.2019.Govori.TV.
КР президентинин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурунку башчысы Манас Арабаев 2-ноябрга чейин үй камагында калтырылды. Бул чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту кабыл алды.
Эске салсак, УКМКнын маалыматы боюнча, Арабаев бир катар коррупциялык кылмыштарга шектелүүдө. Анын ичинде чет элдик инвесторлордун ишкер объектилерин рейдердик жол менен тартып алган бир катар кылмыштуу топтордун кызыкчылыгын коргоп, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айтылат.
Булак: Кабар.