• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Арачалайм деп жатып бычактан жаракат алган адам каза болду

14 Жетинин айы 2022 14:31 Бишкек Govori.TV

Чүйдө бычактан жаракат алган адам ооруканада каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 13-ноябрында Чүй районунун аймактык ооруканасына бычактан жаракат алган Кайырма айылынын 1975-жылы туулган А.Б. аттуу тургуну жеткирилип, бирок ээсине келбей каза болуп калган.

Аталган окуя боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (денеге оор залал келтирүү, өлүмгө алып келгенде) негизинде кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө амалдарынын натыйжасында кылмышка шектелип 2001-жылы туулган У.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Милициядан белгилешкендей, кылмыш туугандар арасындагы уруштун айынан болгондугу аныкталды. А.Б. урушуп жаткан адамдарды арачалайм деп бычактан жаракат алган. Маркум кылмышка шектүү жарандн жездесинин досу болгон.

Учурда тергөө уланууда.

Количество просмотров: 5588